Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий түрдө ачылды

Кыргызстанда быйылкы кышкы туристтик сезон расмий түрдө ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара маданият министри Азамат Жаманкуловдун, Туризм департаменти, Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги, швейцариялык туризмди Кыргызстанда туруктуу өнүктүрүү долбоору, атамекендик өнөктөштөр, туристтер жана эс алуучулар катышуусунда ачылды.

Салтанаттуу ачылышта министр Азамат Жаманкулов келген бардык меймандарга көңүлдүү маанай каалап, Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышына аяр мамиле кылууга жана аны сүйүүгө чакырды. Жаманкулов кышкы туризм өлкө экономикасы үчүн маанилүү багыттардын бири болуп саналарын белгилеп, бул багытта алдыда аткарыла турган көптөгөн иштер мерчемделип жатканын кошумчалады.

Туризм өлкөнүн бардык аймактарында жумуш орундарын түзүүгө жана айыл экономикасын өнүктүрүүгө түрткү берүүгө негиз болгон тармак болуп эсептелинет. Андыктан, Кыргызстандын туристтик дараметин жогорулатуу жана ага шарт түзүү негизги маселелерден экендигин баса белгиледи.

Кыргызстан өзүнүн бай тарыхы менен гана эмес, тоолордун жана тоо этектеринин жаратылышынын байлыгы, жумшак климаты менен дүйнөнүн төрт бурчунан миңдеген туристтерди өзүнө тартат. Кыргызстандын туризм тармагы жыл бою жаратылыш койнунда эс алууга багытталган ар кандай түрлөрүн камтыйт. Борбордук Азиядагы эң кооз жерлердин бири болгон бийиктиги 800 метрге жеткен Кыргызстандын тоолору жаратылышты сүйүүчүлөр жана лыжа тебүүчүлөр үчүн чоң табылга жана зор мүмкүнчүлүк, деп кошумчалады.

Кыргызстанда жалпысынан 23 тоо лыжа базасы бар, анын ичинен учурда 17си иштейт. Кыргызстандагы заманбап тоо лыжа базалары негизинен Чүй жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан.

Кышкы туризм тоо лыжасында тебүүдөн тышкары, шаркыратмалар, үңкүрлөр, термалдык жана сейрек булактарга, элдик жана тарыхый музейлерге жана башка көптөгөн кызыктуу жерлерге саякаттоого мүмкүнчүлүк берет.

Кыргызстанда лыжа тебүү сезону ноябрь, декабрь айларында башталып, апрелдин башына чейин созулат, ал эми лыжа тебүү үчүн эң ыңгайлуу мезгил февраль жана март айлары болуп санат. Учурда дээрлик бардык тоо лыжа комплекстери жана базаларында жабдууларды ижарага алуу мүмкүнчүлүгү жана окутуу үчүн тажрыйбалуу инструкторлор бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД