Президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңеши Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте "Таза жана адилеттүү шайлоо үчүн – өлкөнүн ар-намысы жана абийири үчүн" флешмобун өткөрдү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, флешмоб тартип жана тазалыкты сактоо жана жайылтуу максатында "Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан уюштурулган ишембилик менен аяктады.