Депутаттарды шайлоо боюнча 29 өлкөдө 59 шайлоо участогу ачылды

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлүүдө, анын ичинде шайлоо Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жайгашкан биздин мекендештерибиздин шайлоо укуктарын камсыздоо алкагында чет өлкөлөрдө да өтүүдө.

Бул максаттарда чет жерлерде 29 чет мамлекетте 59 шайлоо участогу ачылды, алардын ичинен 10 шайлоо участогу төмөнкү шаарларда быйыл жаңы ачылды:

1) Россия Федерациясында - Хабаровск, Краснодар, Томск, Казань, Самара шаарларында.

2) Түркия Республикасында - Анталья шаарында.

3) Америка Кошмо Штаттарында - Нью-Йорк жана Чикаго шаарларында.

4) Италия Республикасында - Кальяри (Сардиния аралы) шаарында.

5) Венгрияда - Будапешт шаарында.

Аталган шаарларда шайлоо өткөрүү чечими Тышкы иштер министрликке жана Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн жарандардын арыздарынын негизинде кабыл алынды, мында аталган шаарларда жашаган мекендештерибиздин жалпы саны да эске алынды.

Тышкы иштер министрликтин жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин, КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын жана КРнын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте жасалган бир максаттуу аракеттеринин натыйжасында мурунку парламенттик шайлоого салыштырмалуу Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары добуш берүүчүлөрдүн тизмесине киргизилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны 32 миң 602ден 84 миң 128ге жетти, башкача айтканда 2,5 эсеге көбөйдү, ал эми шайлоо участоктордун саны 45тен 59га көбөйдү.

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин аймагында шайлоо өткөрүүнү ишке ашыруу боюнча Министрликтин алдында түзүлгөн Штабдын координациясы менен чет өлкөлөрдө жашап, иштеп жатышкан Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында парламенттик шайлоого катышуу үчүн тизмеге кирүү жана добуш берүү тартиптери тууралу кеңири маалыматтык-түшүндүрмө иштери жүргүзүлдү.

Биринчи болуп Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Южно-Сахалинск шаарында Кеңсесинде ачылган шайлоо участогу ачылды (Бишкек убактысы боюнча 28-ноябрда саат 03.00дө).

Бишкек убактысы боюнча саат 10.00гө карата 27 шайлоо участогунда - Россияда, Японияда, Кореяда, Кытайда, Малайзияда, Казакстанда, Индияда, Туркменистанда, Таджикистанда, Узбекистанда, Пакистанда, Азербайджанда жана БАЭде добуш берүү башталды.

Убакыт боюнча айырмачылыкты эске алуу менен, КРнын чет өлкөлөрүндөгү башка мекемелеринде добуш берүү кечирээк башталат.

Чет өлкөлөрдо добуш берүүнү акыркы болуп Чикаго шаарында жаңы ачылган шайлоо участогу аяктайт (Бишкек убактысы боюнча үстүбүздөгү жылдын 29-ноябрында саат 08.00дө).

Саат 10.00гө карата добуш берүүчүлөрдүн саны____636____ КРнын жаранын түздү.

Министрлик тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын БШКнын атынан 132 түрдүү өкүлчүлүктөргө, эл аралык уюмдарга, чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасында аккретацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө чакыруу жөнөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын БШКсы тарабынан 736 эл аралык байкоочулар акредитациядан өткөн, 7 өлкөдөн 50 чет өлкөлүк журналисттер Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан аккредитацияланган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД