Улуттук тарых музейи санитардык тазалоо иштерине байланыштуу 30-ноябрда иштебейт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
"Тарых музейи 30-ноябрда көрөрмандар үчүн жабык болот", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, музей 5 жылдык реконструкциялоо иштеринен кийин 19-ноябрда расмий ачылган.