Нарында шайлоо тилкелеринде милиция коомдук коопсуздукту сактоодо

Нарында шайлоо тилкелеринде милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту сактоодо. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2021-жыл 28-ноябрь Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо күнү деп белгилеген.Нарын облусунун аймагында жалпы 169 шайлоо тилкесинде 500дөн ашуун милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатышат.

Нарын ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Алмазбек Жумабеков шайлоо тилкелерин кыдырып, кызматкерлерди мыйзам чегинде иш алып баруусун жана шайлоо иштерине аралашпоо жагын эскертип өттү.

Ар бир шайлоо тилкелеринде медицина кызматкерлери, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрү ,элдик кошуундар жана ыкчам иш аракеттерди көрүү үчүн жеринде мобилдик топ тактап айтканда документтештирүү тобу иш алып барышууда.

Мындан тышкары Нарын облусунун шаар райондук ички иштер бөлүмүнүн ардагерлери да көмөк көрсөтүп жатышат.

Ошондой эле өлкөдө болуп жаткан кырдаалды эске алуу менен, шайлоо тилкесине келген шайлоочуларды аралыкты сактоо, бет кап тагынуу жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелерин сактоо жагы эскертилүүдө.

Азыркы учурда облус аймагында коомдук саясий кырдаал туруктуу сакталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД