Бүгүн, 31-майда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында уу коргошундун пайдаларын атады.
Анын айтымында, Кыргызстанда 300-400 адамга клиникалык изилдөө жүргүзүлгөн.
"Уу коргошундун дозасын бергенде эң жакшысы, иммунитетти көтөрөт экен. Коронавирус менен ооруп жаткандар жөтөлгөндө какырыкты чыгарат экен. Үчүнчүдөн, кант диабетине пайда экен. Ашказан рагында биз 3-4-баскычында "медицина жардам бере албай калды" деп чыгарып койчубуз. Мына ошол ракты өстүрбөй кармап турат экен" , - деди министр.
Ошондой эле ал коронавирусту жалгыз гана вакцина менен жеңүүгө боло турганын кошумчалады.
Эске салсак, буга чейин Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин жыйынына бир канча жолу чакырылып, барган эмес.