Жапаров: Аймакта тынчтык болмоюнча экономикалык кызматташуу мүмкүн эмес

Экономикалык кызматташтык уюму экономикалык долбоорлордун ишмердүүлүгүн кеңейтүү үчүн дүйнөнүн чакырыктарына даяр болушу керек. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда Ашхабад шаарында өтүп жаткан Экономикалык кызматташтык уюмунун 15-саммитинин жүрүшүндө билдирди.

Президент белгилегендей, биздин мамлекеттер соңку учурда баштан кечирип жаткан дүйнөлүк экономикалык кризистин кесепеттери, ошондой эле заманбап чакырыктар менен эл аралык чөйрөдөгү коркунучтар Уюмдун алдына жаңы милдеттерди коюп келет. Климаттын өзгөрүп жатканын белгилеп кетүү маанилүү, себеби бул маселе - өтө олуттуу глобалдык көйгөй, аны чечүү үчүн бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун токтоосуз аракети талап кылынат.

Мамлекет башчысы абадагы көмүртек көлөмүн төмөндөтүү жана циклдүү экономиканы пландуу өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты жандандыруу жана бекемдөө зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

Бул COVID-19 пандемиясынан кийин "жашыл экономиканы" калыбына келтирүүгө, ошондой эле ЭКУ мейкиндигинде климаттын өзгөрүшүнөн улам келип чыккан кесепеттерди жумшартууга өбөлгө түзөт.

Президент Экономикалык кызматташтык уюмунун алкагында гидроэнергетика комплексинде өз ара пайдалуу инвестициялык кызматташтыкты мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринин негизинде да түзүүнү жана парник газдарын бөлүп чыгаруунун көлөмүн азайтуу жолу менен климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча биргелешкен чараларды көрүүнү сунуштады.

Садыр Жапаров белгилегендей, Кыргызстан ЭКУнун башка өлкөлөрү менен биргеликте "Чыгыш - Батыш" жана "Түндүк - Түштүк" транспорт коридорлорун өнүктүрүүгө жигердүү катышууда. Бул Борбор Азия өлкөлөрүнө Түркмөнстан жана Иран аймактары аркылуу Перси булуңуна чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

Мындан сырткары, Кыргызстан ЭКУ аймагында транспортту жана коммуникацияларды өнүктүрүү боюнча ЭКУнун иш-аракеттер программасына кирген "Өзбекстан - Кыргызстан - Кытай" темир жолун куруу долбоорун илгерилетүүгө чоң маани берет. Кыргызстан Шахид Ражаи портун пайдалануу аркылуу "Кыргызстан - Өзбекстан - Түркмөнстан - Иран" каттамы боюнча транспорт коридорунун транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу жаатында жигердүү иш жүргүзүп жатат.

Туризм темасына токтолуп, Мамлекет башчысы бул тармактагы ЭКУ катышуучу өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык да барган сайын жанданып баратканын белгиледи. Региондогу өлкөлөрдүн туристтик потенциалы чоң жана эл аралык туризмди өнүктүрүүдө көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө ээ. Ошондуктан, бул багытта да биргелешип аракеттенүү маселесин карап чыгуу зарыл.

Президент региондо тынчтык жана туруктуулук болмоюнча экономика жаатында ийгиликтүү кызматташуу мүмкүн эмес экенине Саммиттин катышуучуларынын көңүлүн бурду. Ал аймактык коопсуздук маселесине токтолуп, Ооганстандагы кырдаал ЭКУ өлкөлөрүнө түздөн-түз таасирин тийгизерин белгиледи.

"Кыш мезгилинин алдында Ооганстандагы социалдык-экономикалык абал өзгөчө тынчсыздандырат. Дал ушул гуманизм принциптеринин негизинде учак менен Кыргызстан Кабулга, ошондой эле жүк ташуучу транспорттор менен алыскы Кичи жана Улуу Памирдин аймактарынын тургундарына гуманитардык жардам жеткирди. Мындан тышкары, Кыргызстанда билим алып жаткан ооган жарандарына студенттик визаларды берүүнү улантуу чечими кабыл алынды. Афганстандын жарандык согуштун туңгуюгуна түшүп кетишине жол бербөө үчүн болгон күч-аракетти жумшоо маанилүү" , - деди президент.

Сөзүнүн аягында Мамлекет башчысы Уюмга кирген өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсү үчүн эбегейсиз зор мүмкүнчүлүктөрү бар экенин, бирок алар азырынча толук көлөмдө пайдаланылбай жатканын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан көп тараптуу мамилелерди мындан ары бекемдөө үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенине ишендирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД