Медет Садыркуловдун өлтүргөнгө шектүүлөрдүн бири Санжар Сапарбеков кармалды

Саясатчы Медет Садыркуловдун өлтүргөнгө шектүүлөрдүн бири кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы Медет Садыркуловдун өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишин иликтеп жатат.

2021-жылдын 26-ноябрь күнү ИИМдин кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Санжар Сапарбеков кармалды. Ал Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ал эми, 2021-жылдын 27-ноябрь күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун тергөө соту тарабынан шектүү С. Сапарбековго карата 2022-жылдын 26-январына чейин эки айга Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камоо түрүндөгү бөгөт чарасы колдонулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД