Ошто талапкердин тарапташы добуш сатып алган деп шектелип жатат

Ошто Социал-демократтар партиясынан парламентке талапкердин тарапташы добуш сатып алган деп шектелип жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүүчү кызматынын кызматкерлери тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айыл аймагында жарандар шайлоочулардын добушун сатып алууга аракеттенип жаткандыгы боюнча ыкчам маалымат алышкан. Бул ыкчам маалымат Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергѳө аракеттерин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренесинин (Шайлоочуларды сатып алуу) негизинде сотко чейинки ѳндүрүш иши башталган.

Ыкчам-тергѳѳ аракеттеринин жүрүшүндѳ 2021-жылдын 27-ноябрь күнү Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын тургуну 23 жаштагы Т.Ж., 24 миң акчаны 24 жаранга 1000 сомдон таркаткандыгы аныкталган. Аталган жаран тергѳѳгѳ алынып келинген. Тергѳѳ учурунда белгилүү болгондой бул жаранга таанышы "Н" ысымду жаран 2021-жылдын 28-ноябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине депутаттарды шайлоо күнү Социал демократиялык партиясынын №5 тизмедеги талапкердин пайдасына шайлап койгула деп он күн мурда 100 миң сом акча таштап кеткендиги, ал акчанын 24 миңин жакын туугандарына таркатып калган 76 миң сомун "Н" ысымдуу таанышына 2021-жылдын 25-ноябрында кайтарып берип, акча алган шайлоо күнү добуш бере турган 24 адамдын тизмесин жана паспорт кѳчүрмѳлѳрүн кошуп бергендиги аныкталган.

Акча таркатылган жарандар тергѳѳгѳ камсыздалып алар ыктыярдуу түрдѳ алган акчаларын тергѳѳгѳ ѳткѳрүп беришти. Топтолгон материалдардын жана далил буюмдардын негизинде акча таркаткан Ош шаарынын 26 жаштагы тургуну Х.Н. жана 23 жаштагы Т.Ж кармалып, тергѳѳ иштери улантылууда.

Акча таркаткан 26 жаштагы Х.Н. жарандын аталаган партияга кандай тиешеси бардыгы боюнча тактоо иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД