Бокс боюнча курама команда Азия чемпионатында 4 коло медаль жеңди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалмат кызматы билдирди.
Бокс боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү 21-майда старт алган Азия чемпионатында 4 коло медаль жеңишти.
Алар:
Азат Усеналиев (52 кг салмактык категорияда);
Акылбек Эсенбек уулу (57 кг);
Эркин Адылбек уулу ( 81 кг);
Рустам Ырысбек уулу (91 кг).
Белгилей кетсек, чемпионат Дубай шаарында (БАЭ) өтүп, 1-июнда жыйынтыкталат.