Марат Иманкулов БШКнын сайтына 20 өлкөдөн хакердик чабуул болгонун айтты

Коопсуздук кеңешинин катчысы, парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабдын жетекчиси Марат Иманкулов БШКнын сайтына 20 өлкөдөн хакердик чабуул болгонун билдирди. Ал маалымат борборунда шайлоодон кийинки кырдаал тууралуу билдирүү жасады.

"Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков менен БШКнын серверин текшергени бардык. Ошол убакта адистер кандайдыр бир чабуул болгонун айтышты. Былтыр да ушундай аракеттер болгон экен, бирок экрандан хакердик чабуулду тосуп жатканын көрсөтүштү. Катуу корголгондуктан таасир эткен жок. Адис "чабуулдарды басаңдатып, жол берген жокпуз" деп айтты", - деди Иманкулов.

Ошондой эле шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого эч кимге жол берилбей турганын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД