"Баарына каршы". Бишкектин эки округунда кайра шайлоо өтөт

Бишкектин Биринчи май жана Свердлов округунда кайра шайлоо өтөт. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, шайлоо мыйзамына ылайык, эгер бир мандаттуу округдардагы шайлоодо "баарына каршы" графасы алдыга чыгып кетсе, анда бир ай аралыгында кайра шайлоо дайындалышы керек.

Белгилей кетсек, шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча, №27 Биринчи май округу жана №29 Свердлов округунда "баарына каршы" графасы озуп кеткен.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда, өлкө аймагында жана айрым чет өлкөлөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 3 млн 703 миң 420, ал эми бир мандаттуу округдардагы шайлоочулардын саны 3 млн 619 миң 292 түзөт.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 286 талапкер ат салышууда.

Шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн жалпы 2 миң 494 шайлоо участогу түзүлүп, анын ичинде 59 шайлоо участогу чет өлкөлөрдө, 2 миң 435 тилкеси өлкө аймагында түзүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД