Кыргызстанда бир жумада мас абалында унаа башкарган 281 айдоочу кармалды

Кыргызстандын аймагында акыркы бир жуманын ичинде 15 миң 241 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу - 2 миң 75;

- тиешелүү документи жок унаа башкаргандыгы үчүн - 221;

- ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу – 4 684;

- ТК каттоо тартибин бузгандыгы үчүн – 54;

- жасалма мамлекеттик номерлер үчүн – 6;

- мамлекеттик номери жок – 11;

- ТК айдоочусу ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 28;

- автоээнбаштык – 4;

- жөө жүрүүчүнүн жол эрежелерин бузгандыгы үчүн – 369;

- ТК түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү – 131;

- кооптуу жүкташуу эрежелерин бузуу – 2;

- жол белгилеринин талаптарын аткарбаганы үчүн – 6 632;

- айнектери караңгылатылган унааны башкаргандыгы үчүн - 71;

- мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 281;

- унаа токтотуучу жайга токтотулду – 814.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД