Чүй облусунда бир жумада документи жок унаа башкарган 26 айдоочу аныкталган

Чүй облусунун аймагында 22-ноябрдан 28-ноябрга чейин 2 миң 604 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирет.

Анын ичинен:

- мас абалында унаа башкаруу - 50;

- жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу - 912;

- документи жок 26 айдоочу унаа башкарган. Атайын айып унаа токтотуучу жайына 70 унаа токтотулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД