"Омикрондон" улам Израиль менен Япония чет элдиктерге чек арасын жапты

Коронавирустун жаңы "Омикрон" деп аталган штаммынан улам Израиль менен Япония өлкөсү чет элдиктерге чек арасын жапты.

Израилдин премьер-министри Нафтали Беннетт тыюу салуу эки жума бою күчүндө болорун жана анын максаты эксперттерге жаңы штаммдан келип чыккан коркунучтун чыныгы деңгээлин баалоого убакыт берүү экенин айтса, Япониянын премьери Фумио Кисида 30-ноябрдан тарта өлкө чет элдиктерге эшигин жаба турганын билдирди. Мындай чара Японияда жаңы штамм тууралуу бардык маалыматтар аныкталганга чейин уланамакчы.

Белгилей кетсек, коронавирустун "Омикрон" штаммы Ботсвана, Израил, Бельгия, Гонконг, Британия, Австралия, Италия жана Германияда аныкталды. Көпчүлүк мамлекеттер бул штамм катталган өлкөлөргө аба каттамдарын токтотту.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД