Милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантууда

Республика боюнча ички иштер органдарынын 12 миңге жакын кызматкери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинде 2 миң 435 шайлоо тилкесинде 6 миңге жакын кызматкер жүктөлгөн милдеттерди аткарышты. Кызматкерлер менен бирге ички иштер органдарынын 500дөн ашуун ардагерлери эл арасындагы тартипти камсыздоого жакындан жардам беришкен.

Кечээги болуп өткөн шайлоодо коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган аймактарда одоно тартип бузуулар, массалык башаламандыктар жана элге жат көрүнгөн резонанс жараткан окуялар катталган жок.

"Коомдук тартипти камсыздоого кол сунуп жардам берген 4 миңден ашуун ыктыярдуу элдик кошуундун бардык мүчөлөрүнө, ички иштер органдарынын ардагерлерине терең ыраазычылык билдиребиз", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД