Министр: "Уу коргошунду 300-400дөй адамга клиникалык изилдөө өткөрдүк"

Уу коргошунду 300-400дөй адамга клиникалык изилдөө өткөрдүк. Бул тууралуу ал бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Министр уу коргошунду лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы чыга электигин билдирди.

"Биз уу коргошунду 300-400дөй адамга клиникалык изилдөө өткөрдүк. Уу коргошундун дозасын бергенде эң жакшысы, иммунитетти көтөрөт экен. Коронавирус менен ооругандар жөтөлгөндө какырыкты чыгарат экен. Биз уу коргошунду лабораториялык изилдөөдөн өткөрдүк. Анын жыйынтыгын алыш үчүн чоң профессор-академиктерге кайрылдык. Алардын жообун күтүп атабыз", - деди министр.

Жогорку Кеңештин депутаттары уу коргошун боюнча лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы чыга электе эле аны коомчулукка жарыялап, пропаганда кылганы үчүн министрди сынга алышты. Ушундан улам аны иштен кетирүү маселеси дагы бир жолу көтөрүлдү.

Белгилей кетсек, апрель айында Бейшеналиев брифинг өткөрүп, коронавируска каршы дарылоодо уу коргошун деп аталган чөптүн тамырын дарылыкка колдонуп жатканын айткан. Ал журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин билдирген. Министр тундурманы президент Садыр Жапаров экөө даярдап, дарыгерлерге дарылоону үйрөтүп жатканын кошумчалаган.

Бул окуядан кийин парламент аны кызматтан алуу демилгесин көтөрүп, ал ишке ашкан эмес. Депутаттар Бейшеналиев президенттин жакын адамы экенин жана ага таянып парламентти көзгө илбей, жыйындарга келбей жатканын айтышты. Министр болсо келе албай калганын кызматтык ишине байланыштырды


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД