КМЮУнун алдында мамлекеттик эмес эксперттик уюм ачылды

Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин (КМЮУ) алдындагы Ганс Гросс атындагы окуу-инновациялык криминалисттик комплексинде "Академ Эксперт" мамлекеттик эмес эксперттик уюмунун ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси Нуржан Алымканова билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, "Академ Эксперт" студенттерди окутуудан жана адистердин квалификациясын жогорулатуудан сырткары юридикалык жана жеке жактарга экспертиза кызматын көрсөтмөкчү.

Борбор студенттерге билим берип, адистердин квалификациясын жогорулатат жана ошондой эле калкка да кызмат көрсөтөт. БУУӨПтүн чыр-чатактардын алдын алуу жана эскертүү, укук үстөмдүгүн бекемдөө боюнча иштеп жаткан программаларынын жана долбоорлорунун алкагында эксперттик кызматтарды сапаттуу жана калыс көрсөтүүсү үчүн атайын жабдууларды, кеңсе техникаларынын жыйнагын сатып берүү түрүндө уюмга техникалык колдоо көрсөтүлдү.

Окуянын өзгөчөлүгү – Кыргыз Республикасында алгачкы ирет эксперттик уюм университеттин базасында өз ишмердигин жүргүзгөндүгүндө. Бул жерде эксперттик уюм эксперттик ишмердигин жүргүзүү үчүн болгон материалдык базаны колдонууга мүмкүнчүлүк алса, Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин студенттери алдыңкы эксперттер менен бирге практика-багыттоо боюнча сабак алуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк алышат.

"Биз БУУӨП катары бүгүн мамлекеттик эмес соттук-эксперттик чөйрө системасын өнүктүрүү боюнча маанилүү иш-чара болуп жаткандыгына кубанычтабыз. Компьютердик жана адистештирилген жабдууларды алып берүү түрүндө биздин кошкон салымыбыз жаңы түзүлгөн эксперттик уюмга Кыргызстандын бардык укук системасына жана жарандарга жеткиликтүү жана объективдүү кызмат көрсөтүүсү үчүн керек болмокчу. Көз карандысыз соттук экспертиза келечекте өнүгүү гана жолунда кетет, экспертизалардын заманбап түрлөрү менен толукталат жана жарандардын укугун жана эркиндигин камсыз кылууда маанилүү ресурс катары кызмат кылат деп үмүт кылабыз", - деп түшүндүрдү БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасындагы долбоорунун адиси Артур Букалаев.

Техникалык колдоо "Азияда зомбулуктуу экстремизмге каршы туруктуулукту жогорулатуу" (STRIVE Asia, ЕБ-БУУ Биргелешкен өнөктөштүгү) долбоорунун алкагында көрсөтүлдү.

Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин кызматкерлери белгилеп кетишкендей, соттук экспертиза адистиги боюнча бүтүрүүчүлөрдүн 70-80 пайыздан ашыгы – кыздар. Окууну аяктагандан кийин алар экспертизанын 7 түрүн өткөрүү ыкмаларын билип чыгышат, ал эми Бишкек шаарында эң көп талап болгон экспертиза – бул жол-транспорт кырсыгы боюнча экспертиза болуп саналат.

Мамлекеттик эмес эксперттик уюм жарандардын кыска убакыт ичинде көз карандысыз эксперттик бүтүмдөрдү альтернативдүү түрү катары алуусун камсыз кылуу максатында түзүлгөн. Бул өз кезегинде сот системасынын өнүгүшүнө жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын укугун натыйжалуу коргоого салым кошмокчу.

Мурда да, тактап айтканда, 2019-жылы БУУӨП Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин алдындагы Ганс Гросс атындагы окуу-инновациялык криминалисттик комплексине мектеп бүтүрүүчүлөрүнө криминалист адистиги боюнча маалымат берүү жана бул кесипке кызыгуусун арттыруу максатында Бишкек шаарынын жогорку класстарынын окуучулары арасында соттук эксперт көндүмдөрү боюнча Олимпиада өткөрүүгө жардам берген.

Иш-чарадан сүрөттөр: https://flic.kr/s/aHsmXaqwvr


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД