Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бир жуманын ичинде 5194 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 19-ноябрынан тартып, 25-ноябрга чейин Бишкек шаарынын аймагында Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 5194 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
-Мас абалында авто унаа башкаруу -54 айдоочу;
-Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо -25;
-Айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу -45
-Жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар 212;
-Башка жол эрежелерин бузуулар 4854;
315 авто унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн, убактылуу айып короо жайына токтотулду.