Эл аралык террористтик уюмдун жалдоочусу кармалды

Эл аралык террористтик уюмдун жалдоочусу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 24-ноябрында УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренеси ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны Е.В.В. кармалды.

Тинтүү иштеринин жүрүшүндө кармалган адамдан – Макаров пистолети, 4 даана бычак, 2 даана мобилдик аппарат, чоң көлөмдөгү диний адабияттар, 7 даана банк карталары, террористтик мазмундагы видео-аудио файлдар табылып алынды.

Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД