БШК саясий партияларга сайт иштебей калганы боюнча маалымат берет

Бул тууралуу КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова 2021-жылы 29-ноябрда КР БШКнын имаратынын жанында чогулган, парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына нааразы болгон саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылып, билдирди.

БШК ыйгарым укуктуу органдын сайтында маалыматтарды көрсөтүүдө кетирилген механикалык ката үчүн кечирим сурайт.

Бирок биз ар бир АЭУда колдонулуучу добуштарды саноо тутумунун аныктыгын кепилдейбиз. Ар бир АЭУдан алынуучу маалыматтардын жыйындысынын программасы жана анын сайтта учурдагы көрсөтүлүүсү так жана туура иштөөдө.

Азыркы кезде добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары гана элге жарыяланды, алар шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга ылайык юридикалык мааниге ээ эмес алдын ала маалымат болуп саналат.

Конституциялык мыйзамга ылайык, добуш берүүнүн жыйынтыктары добуштарды кол менен эсептөөнүн маалыматтарынын натыйжасы боюнча белгиленет.

Учурда кол менен эсептөөнүн протоколдору келип түшүүдө жана түшкөнүнө жараша мыйзамда белгиленген тартипте сайтта жана шайлоо маалыматтык тутумунда жарыяланып турат.

Маалымат үчүн:

Саат 18:15ке карата абал боюнча 410 УШКдан кол менен эсептөөнүн протоколдору келип түштү, бул бүт өлкөдө түзүлгөн шайлоо участокторунун жалпы санынын (2435) 16,44 пайызын түзөт.

Эгерде участоктордогу бузуулардын кандайдыр бир учурлары боюнча даттанууңуз болсо, аны тиешелүү округдук шайлоо комиссияларына жөнөтүңүз. Ар бир даттануу белгиленген тартипте каралат.

БШК саясий партиялардын жана ЖМКлардын өкүлдөрүн чакырып, сайтта маалыматтарды көрсөтүүдөгү механикалык катанын себептери тууралуу толук маалымат берет.

Маалымат:

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 8-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, шайлоо маалыматтык тутум аркылуу алынган добуш берүүнүн жүрүшү жана жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар юридикалык мааниге ээ эмес, алдын ала маалыматтар болуп саналат, шайлоо маалыматтык тутумун пайдалануунун тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД