Бишкекте мончого тапанча көтөрүп барып ызы-чуу салган жаран кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери ээнбаштыкка шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 29-ноябрында болжол менен саат 21:10 чамасында Бишкек ШИИББнин "102" кызматына Ак-Ордо конушундагы Гагарин көчөсүндө жайгашкан мончолордун биринде белгисиз жаран белгисиз тапанча менен жарандарды коркутуп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1996-жылы туулган И.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда болжол менен жашы 25-30 жаштагы белгисиз жаран арыз ээсин тапанча менен атып салам деп коркутуп, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, абройуна шек келтирген. Ушул жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи суй электе кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган Ж.А. аттуу жаранды кармашып, Сокулук райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткиришкен.

Бул факт Сокулук райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 266-берененин (Ээнбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД