БШК бардык нааразы болгон тараптарды кол менен санаганга катышууга чакырат

Жалпы элге жана кабыл алууга түшүнүктүү болуш үчүн БШК добуш берүүлөр тууралуу маалыматтарды таблица түрүндө жөнөкөй тил менен берет. Сиздер көрүп турган жашыл квадраттын ичи участкалык шайлоо урналар менен БШКда жайгашкан сервер. 20:00 дөн кийин участкалык комиссия бардык мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөлүндө автоматташтырылган эсептөөчү урнанын (АСУ) жыйынтыктоочу отчетун (чекти) басып чыгарат. Ошол эле учурда автоматташтырылган эсептөөчү урнанын (АСУнун) маалыматтары АСУнун жыйынтыктоочу отчету басылып чыгары менен автоматтык түрдө дароо серверге жөнөтүлөт.

Сервер болсо маалыматтарды автоматтык түрдө кызыл квадрат менен белгиленген, БШКнын Маалыматтык шайлоо системасынын сайтына жарыялайт. БШК адиси Маалыматтык шайлоо системасынын сайтына АСУдан алган маалыматтарды жарыялоодо санды жаңылышып эки жолу көбөйтүп алган (калькуляциялоодогу механикалык ката). Бир нече убакыттан кийин БШК адиси маалыматтарды визуалдаштыруудагы формуланы оңдогон. Мында белгилей кетчү жагдай, АСУда да (автоматташтырылган эсептөөчү урна) жана негизги системада да маалыматтар өзгөрүүсүз калат. Аталган система иши үзгүлтүккө учурабайт, жаңылбайт. Бүгүн да так иштеп жатат. Бул жаңылыштык өтпөй калган эле партияларга эле эмес, бардыгына бирдей болгон.

Урна (АСУ) менен серверге эч ким кире албайт. Кирем десең да кире албайсың. Ал автоматташтырылган компьютер системасы.

Адам фактору аралаша албайт. Сервер болгону добуштарды эсептеп чыгарып берет. Тагыраак айтканда шайлоо бүтөөрү менен жыйынтыгын алдын ала чыгарып берүүчү гана ролду аткарат. Ал эми акыркы так жыйынтыкты кол менен санап бүткөндөн кийин гана чыгарабыз. Мыйзам боюнча да кол менен санап бүткөндөн кийинки жыйынтык мыйзамдуу деп эсептелет.

Бирок ошондо да, сервер берген жыйынтык менен колго санаган жыйынтыктын ортосунда анча көп айырма чыкпайт. Себеби, АСУ (урна) жараксыз деп эсептеген бюллетендерди байкоочулар менен комиссиялар жарактуу деп эсептеген учурлар болот.

Анткени шайлоочулар койгон "галочка" квадраттан чыгып кетсе, АСУ (урна) аны жараксыз деп эсептеп коет. Аны участкалык комиссия менен байкоочулар макулдашып, жарактуу десе, тийиштүү акт түзүлүп, катышкандар бардыгы кол коюп, ал бюллетендер жарактуу болуп эсептелет.

Кол менен саноо талапкерлердин, партия жана коомдчук уюмдардын байкоочуларынын катышуусунда ачык-айкын жүргүзүлөт.

Бизде жашыра турган эч нерсе жок. Ошондуктан, бардык нааразы болгон тараптарды кол менен санаганга катышууга чакырып жатабыз. Келиңиздер. Катышыңыздар. Кол менен санап чыгуу үчүн 2-3 күн убакыт кетет. Бизде жашыруун эч нерсе жок. Ал эми БШК бюллетендерди түнү менен алмаштырат деп күмөн санап жаткан саясатчыларга айтарыбыз: бизде жалпысынан республика боюнча 31 000 шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бар.

Алардын арасында сиздердин да өкүлдөрүңөр бар да. Анан элестетиңиздер, 31 000 адам менен бюллетендерди көтөрүп алып алмаштырып чуркап жүргөнүбүздү. Бул абсурд. Азыркы убакта кыңыр иш кырк мүнөттө эле билинип калган заман. Бири бирибизден күмөн санабай эле коелу. Ар бир берилген добуш, 100 пайыз шайлоочулардын өздөрүнө таандык. Биз аны толук камсыз кылабыз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД