"Атамды тынч койгула" Жапаров ага акаарат келтирген жарандарга жооп берди

Президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгын чыгарууда БШКнын сайтындагы мүчүлүштүк үчүн анын атасына чейин асылып акаарат келтиргендер чыгып жатканын билдирди.

Мамлекет башчы Facebook баракчасы аркылуу кайрылуу жасаган.

"Урматтуу Кыргызстандыктар!

Урматтуу шайлоого катышкан партиялардын жетекчилери.

Шайлоо эң жакшы келе жатып эле болбогон жерден БШКнын майда-чүйдө кетирген катасынан, айрыкча, өтпөй калган партиялар тарабынан ишенбөөчүлүк пайда болду.

БШКнын адистери кетирген ката серверге эч тиешеси жок экенин дагы бир жолу тактап чыктык.

Сервер берген жыйынтыктар БШКнын адиси кетирген катага эч тиешеси жок.

Акыркы жыйынтык кол менен санактар бүткөндөн кийин чыгат.

Кол менен санакка активдүү катышкыла. Санактар бүткөндөн кийин бюллетендерди архив үчүн сактап коебуз.

Кимдер кааласа, каалаган участокторун кайсы убакта болбосун ачып, санап алышса болот.

Ал эми мага акаарат айтып, сөгүп-сагып, атама чейин сөз тийгизип, ишенбөөчүлүк көрсөтүп жаткан аттуу-баштуу эле, Кудайга ишенем деп, дин жолунда жүрүшкөн жарандарыма айтаарым:

Урматтуу жарандарым!

Мен дагы Кудайга ишенген адаммын.

Ооба. Атам өмүр бою Кудай жолунда жүргөн инсан болгон. "Калыс бол, туура эмес жолго түшпө, куран окуганды үйрөн, намаз оку", - деп, 8-классымдан баштап куран үйрөткөн адам болгон.

Кудайым бейишинен берсин.

Атамды тынч койгула.

Бийлик тарап, шайлоо процессине кандай кийлигишпеген болсок, БШКнын ишине да дал ошондой кийлигишкен жокпуз.

Болгону эки талап койдук.

Адилеттүү жана мыйзамдуу иштегиле деп.

БШК тараптан дагы добуштарды бурмалоо болгон жок жана болбойт дагы.

Ооба, БШКнын адисинин шалаакылыгынан мүчүлүштүк кетти. Бирок добуштарды саноонун жыйынтыгына эч кандай тиешеси жок.

Күнөөлүүлөрдү жоопко тартабыз.

Азыр УКМК териштирүү иштерин баштады. БШКнын ката кетирген адисинин айрым адамдар менен байланышы жокпу?

Балким, "мен ушундай кылып силерге митингке чыкканга шылтоо жасап берем", - деп, алдын ала кандайдыр бир күчтөр менен келишип алган эмеспи деген сыяктуу териштирүүлөр жүрүп жатат.

Жыйынтыгын УКМК өзү билдирет", - деди Жапаров


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД