Жогорку Кеңеш 3 депутатты жоопко тартуу маселесин карайт

1-декабрь саат 10:00дө парламент имаратынын Жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйыны өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анда бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча маселелерди карайт. Ошондой эле, депутаттар Асылбек Жээнбековду, Төрөбай Зулпукаровду жана Бакытбек Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн депутаттык комиссия түзүү маселесин карашмакчы.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ш.Жээнбековду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү тууралуу;

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.З.Зулпукаровду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү тууралуу;

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.Ж. Жетигеновду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү тууралуу;

4. "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – депутат Керезбеков К.К.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);

5. "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир. № 6-10027/21) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

6. "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 04.05.21деги № 183 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

7. "Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 03.05.21деги № 180 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

8. "Кыргыз Республикасынын энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына ("Энергияны үнөмдөө жөнүндө", "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – депутат Байбакпаев Э.Дж.) (Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет);

9. "Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамга карата Президенттин каршы пикири (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Байбакпаев Э.Дж., Рыспаев К.Дж., Эсенаманов З.С., Турусбеков Б.С., Тагаев Э.С., Нурдинов Б.) (Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет);

10. "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайрадан кайтарылып берилген "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 4892-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет);

11. "Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 264-тескемеси жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Бюджет жана финансы боюнча комитет, Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет).


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД