Аз камсыз болгондор 1-январдан тарта светке 50 тыйындан төлөйт

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясы үчүн 1-январдан тартып 50 тыйындан төлөйт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР президентинин тапшырмасына ылайык, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр кубаты үчүн 2022-жылдын 1-январынан тарта 50 тыйындан төлөйт. Эгерде керектөө 700 кВтстан ашса тариф 2,16 сом/кВтстын деңгээлинде сакталат.

"Учурда Энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин тапшырмасы боюнча Отун- энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттиги буга чейин бекитилген орто мөөнөттү тарифтик саясатына өзгөртүү киргизүү багытында иш жүргүзүүдө. Документ даяр болгондо макулдашуу үчүн КР министрлер кабинетине жөнөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД