Борбор калаанын мэриясы стихиялуу соодага каршы күрөшүн улантууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук администрациясынын адистери тарабынан күйүүчү-майлоочу майлардын стихиялуу соода түйүндөрүн жоюу боюнча пландуу рейд жүргүзүлдү.
Профсоюз көчөсү текшерилди, бул жерде билдирүүлөргө карабай, уруксатсыз бензин сатуучу пункттар кайра-кайра пайда болуп жатат.
Ошондой эле, Эркиндик бульварынын боюнда эки мыйзамсыз соода түйүнү аныкталды.
Мыйзамсыз ишкерлерге карата Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 293-беренесине ылайык административдик протоколдор түзүлүп, экинчи категориядагы айып салууга алып келет: жеке жактарга 3000 сом, юридикалык жактарга 13000 сом.
"Мыйзамсыздардын" ээлери менен КРнын мыйзамдарын бузууга жол бербөө максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бул багыттагы иштер улантылууда.