ИИМ: "Мени уурдоого аракет кылды" деген аялдын үн билдирүүсү жалган

Кара-Көл шаарындагы WhatsApp тайпаларында "мени уурдоого аракет кылды" деп жазылган аял кишинин үн билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 29-ноябрь күнү түнкү саат 22:30 чамасында Кара-Көл шаарынын тургуну 1971-ж.т. Т. К. (аял киши) телефон аркылуу төмөндөгүлөрдү билдирген: 2021-жылдын 29-ноябрь күнү саат 17:30 чамасында Кара-Көл шаарынын Серый көчөсүндө жайгашкан №3 "Келечек" балдар бакчасынан жумушунан чыгып, 5 жаштагы небереси менен бара жатса белгисиз кара түстөгү автоунаа бурулуп келип токтоп, арткы эшигин ачып автоунаанын ичинен бейтааныш болгон жашы болжол менен 25-30 чамаларындагы эркек бала "отуруңуз үйүнүзгө жеткирип коёлу" деп кайра-кайра айтканынан коркуп "отурбайм" деп автоунаанын эшигин жаап үйүнө басып кетип калганын, автоунаанын ичинде жаштары болжол менен 25-30 жаштардагы эки бала жана кыз-келин болгонун, ошол автоунааны таап текшерип коюну суранган.

Ошондой эле ошол окуяны айтып жаздырып WhatsApp тайпаларына таратып жиберген. Жогорудагы маалымат Кара-Көл ШИИБдин МЭЖне текшерүүнү талап кылган материал катары каттоого алынган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн даректе жайгашкан сулуулук салонунун видеокамерасы каралган. Анда саат 17:00дөн 18:30га чейики аралыкта тартылган видеолорго байкоо жүргүзүлгөн. Саат 17:37 чамаларында ошол көчөдөн такси кызматында айдоочу болуп иштеген Кара-Көл шаарынын тургуну 1986-ж.т. К.Т. өзүнө таандык болгон кара түстөгү "Хундай-Соната" үлгүсүндөгү автоунаасы менен өткөндүгү белгилүү болгон.

Ал эми айдоочу К.Т. өз көрсөтмөсүндө ошол убакыттар аралыгында аптекага дары алганы барып, кайра өзү жашаган үйгө келгендигин, бирок жолдон эч кандай шек жараткан башка кара түстөгү автоунаага көзү түшпөгөндүгүн билдирген. Маалымат берген аялды тааный тургандыгын, мындан мурун бир нече жолу буюртма аркылуу үйүнө алып келип койгондугун, ал аял оорукчандай көрүнгөнүн байкагандыгын, себеби жөн гана сүйлөшүп келе жатып эле кайактагы сөздөрдү айтып уруш чыгарып жүрчү адаты бар болгондугун, анын айткан сөздөрү чындыкка дал келбеген жалган экендигин билдирген.

Бул маалыматтын негизинде жүргүзүлгөн териштирүүнүн жыйынтыгында 1971-ж.т. Т. К.нын телефон аркылуу билдирүүсү чындыкка дал келбегендиги аныкталган.

Учурда жергиликтүү милиция тарабынан билим берүү мекемелеринде жана коомчулук арасында бул багытта түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

"УРМАТТУУ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР!

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы облус тургундарын такталбаган маалыматтарды бөлүшпөөгө жана таратпоого чакырат. Жалган маалымат тараткандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылаарын ЭСКЕРТЕБИЗ!", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД