КМШ байкоочуларынын миссиясы: Шайлоо эркин, ачык-айкын болду

БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин байкоочулар миссиясынын билдирүүсүн жарыялады.

Миссиянын башчысы – В.П. Волков, "Эркин шайлоо" Россия фондусунун кеңешинин төрагасы.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин байкоочулар миссиясы 8-ноябрдан тартып 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырды.

Миссия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Шериктештиктин алкагында кабыл алынган документтерди жетекчиликке алып, шайлоо процессинин жүрүшүнө жана мамлекеттин ички иштерине кийлигишпестен, эркин жана көз карандысыз иш жүргүздү.

Миссиянын курамында Азербайджан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандынын, Өзбекстан Республикасынын, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын, Беларусь жана Россия Бирлигинин парламенттик жыйынынын, ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин аткаруу комитетинин өкүлдөрү болуп саналган 190 байкоочу аккредитациядан өткөрүлдү.

Алардын ишин Миссиянын Бишкек шаарында жайгашкан штабы координациялады.

Миссиянын өкүлдөрү шайлоо алдындагы өнөктүктүн жүрүшүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Тышкы иштер министрлигинин, Жогорку Соттун, Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин жетекчилиги менен талкуулашты. Байкоочулар депутаттыкка талапкерлер, шайлоого катышкан бир катар саясий партиялардын шайлоо штабдарынын жетекчилиги менен жолугушту.

Шайлоо өнөктүктүнө байкоо жүргүзүү алкагында Миссиянын башчысы В.П. Волков Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н. Шайлдабекова, Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары А. Кожошев, Тышкы иштер министринин орун басары А. Мадмаров, ЕККУ ДИАУБ Миссиясынын башчысы О. Гловер, ШКУ Миссиясынын башчысы Е. Ашимов менен жолугушуу өткөрдү, Бишкек шаарынын шайлоо комиссияларынын иштери менен таанышты.

Миссиянын штабынын эксперттери жана КМШ ПААнын Демократия, парламентаризмди өнүктүрүүгө байкоо жүргүзүү, жарандардын шайлоо укуктарын сактоо эл аралык институту (ДӨБЭИ) Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына талдоо жүргүзүштү жана аларда жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо, жалпы жана тең шайлоо укугунун, жашырын добуш берүүнүн негизинде көз карандысыз шайлоо органдары тарабынан уюштуруу жөнүндө жоболор, шайлоо укуктарын коргоонун жана шайлоо талаш-тартыштарын чечүүнүн механизмдери камтылганын белгилешет, бул эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине жооп берет. Миссиянын пикири боюнча, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары эркин, ачык-айкын демократиялык шайлоолорду өткөрүүнү камсыздоого мүмкүнчүлүк түзөт.

Узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүүнүн алкагында Миссиянын өкүлдөрү Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында жайгашкан ОШК жана УШКлардын иштери менен таанышты. КМШ байкоочулары комиссияларга иштөө үчүн зарыл шарттар түзүлгөнүн, алар байланыш каражаттары, компьютерлер, укуктук жана усулдук адабият менен камсыздалганын белгилейт. УШК орун-жайларында шайлоого катышкан талапкерлер, саясий партиялар тууралуу маалыматтар, добуш берүү тартиби тууралуу инфограммалар, коронавирус инфекциясын жуктурууну болтурбай коюу боюнча сунуштар жайгаштырылган.

Миссия жыйналыштары YouTubeде реалдуу убакыт режиминде берилип, Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдуу жана ачык иштегенин белгиледи. Борбордук жана төмөн турган шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдардын талаптарына ылайык талаптагыдай даярдоо жана өткөрүү үчүн керектүү чараларды көргөн.

Миссия депутаттыкка талапкерлерди жана талапкерлердин тизмелерин көрсөтүү жана каттоо жол-жоболору Конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык жүргүзүлгөнүн белгиледи. КМШ байкоочуларынын пикири боюнча, шайлоо өнөктүгүнө көп сандагы партиялардын жана талапкерлердин катышуусу шайлоочуларга добуш берүү күнү тандоого кеңири мүмкүнчүлүк берди.

Ошондой эле отчётто партиялар жана талапкерлер, шайлоо өнөктүгүнүн этаптары жана жүрүшү тууралуу зарыл бардык маалыматтарды алуу үчүн жарандарга мүмкүнчүлүк камсыздалгандыгы белгиленген. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна ыкчам чара көрүү жана жарандарды көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымдоо үчүн керектүү шарттар түзүлгөн, ал эми даттанууларды жана арыздарды кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылды.

КМШ байкоочулары өз отчётторунда көп эмес сандагы бузууларды белгиледи, Миссиянын пикири боюнча, ал бузуулар шайлоонун натыйжаларына таасир эте алмак эмес. Отчётто Борбордук, округдук жана участкалык шайлоо комиссиялары шайлоо өнөктүгүн уюштуруучулук жогорку деңгээлде өткөрүүнү камсыздагандыгы айтылат.

Миссиянын тыянагы:

Шайлоо Конституцияга жана Конституциялык мыйзамга ылайык өткөрүлдү. Шайлоо альтернативалык негизде өттү, эркин, ачык-айкын болду, демократиялык шайлоолорду өткөрүүнүн жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине жооп берет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД