Акыйкатчы институту Бишкектеги милиция бөлүмдөрүнө мониторинг жүргүздү

10-декабрь - Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата жарыяланган адам укуктары боюнча бир айлыктын алкагында Акыйкатчы институту Бишкек ШИИБ УКЖда жана райондук милиция бөлүмдөрүнө, ошондой эле Кыргызстанда 2-декабрдан тарта административдик камакка алуунун киргизилишине байланыштуу ички иштер бөлүмдөрүнүн убактылуу кармоочу жайларында кармоо шарттарына мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мониторингдин жүрүшүндө убактылуу кармоочу жайларда жана камераларда кармалгандар суралып, 20дан ашык адам эксперттин кеңешин алып, милиция кызматкерлеринин аракетине карата 2 арыз түшкөн. Каттоосу жок адамдарды табууга жана адам укуктарынын бузулушуна жол бербөө максатында РИИБдердеги иш бөлмөлөрүн кыдыруу болду.

Кармалгандар катталуучу журналдар жана өздүк иштери текшерилип, ШИИБде кармоонун мөөнөттөрүн бузуу аныкталган эмес.

Кармоо шарттары боюнча, мониторинг тобунун эксперттери санитардык түйүндөрдүн начар абалы жана душтун жоктугу боюнча сын пикир беришти. Учурда кармалгандар коронавирус инфекциясы жок экендигин тастыктаган медициналык документтерди алуу үчүн талап кылынган убакытка байланыштуу убактылуу кармоочу жайларда белгиленген мөөнөттөн ашыгыраак кармалып турат. Ошондой эле, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилиги камактагы адамдан COVID-19 инфекциясын аныктоо механизминин жоктугу көйгөйлүү экенин билдирди. Ошентип, ПЦР тестинин оң натыйжасы менен кармалган адам УКЖга киргизилбейт жана ал айыккандыгы тастыкталганга чейин милиция бөлүмдөрүндөгү убактылуу кармоочу жайларда дарыланууга туура келет. Мыйзамда милиция бөлүмдөрүндө адамды кармоонун мөөнөтү 3 сааттан ашпоого тийиш. Ошол эле учурда калган кармалгандардын жана милиция кызматкерлеринин коопсуздугуна коркунуч алып келет.

Камераларда орточо температура 19 градустан 22 градуска чейин, абанын орточо нымдуулугу 30-35% түзөт.

Келип түшкөн жазуу жүзүндөгү арыздар боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД