Жалал-Абадда заводдон чыккан өрттөн 3 тонна пахта күйүп кетти

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында жеке менчик пахта заводунун өрт чыкты. Кырсыктын кесепетинен 3 тонна пахта күйгөнүн ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашат.

Министрликтен билдиришкендей, өрт кечээ, 30-ноябрда эртең менен башталган. Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, аталган жай саат 19:50дө курчоого алынып, бир саат аралыгында өрт өчүрүлдү. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатканын белгилешти мекемеден.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД