Бүгүн, 1-декабрдагы парламент жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбековду, Төрөбай Зулпукаровду жана Бакыт Жетигеновду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушевдин сунуштамаларын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү маселеси каралды.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, талкуунун соңунда депутаттар Евгения Строкова (КСДП), Авазбек Абдугапаров ("Республика-Ата-Журт"), Канатбек Исаев ("Кыргызстан"), Алмазбек Токторов ("Кыргызстан"), Тазабек Икрамов ("Өнүгүү-Прогресс") Мамасадык Бакиров ("Бир Бол"), Эмиль Токтошев ("Ата-Мекен") мүчөлүк кылган атайын депутаттык комиссия түзүлүп, Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.