Милициянын кайгуул кызматы жаңы мыйзам менен иш алып баштады

Кайгуул кызматы жаңы мыйзам менен иш алып баштады. Милициянын кайгуул кызматкерлерине жаңы кабыл алынган мыйзамдар боюнча сабактар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-декабрдан тартып күчүнө кирген жаңы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодекси, Кыргыз республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык кодекси, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, ошондой эле өзгөртүлгөн Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын өздүк курамга жеткирүү жана түшүндүрүү багытында жетекчилик тарабына сабактар өткөрүлүүдө.

Сабактын жүрүшүндө жетекчилик тарабына өздүк курамга күнүмдүк нускамада көрсөтүлгөн тартипте, көчөдө коомчулук менен иштөөдө, коомдук коопсуздукту сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо кабыл алынган жаңы кодекстердин кайгуул кызматына тийешелүү беренелерин аткаруу жана аны ишке ашыруу багытында өздүк курамга түшүндүрүү жана жеткирүү иштери жүргүзүлдү.

"Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытына тийешелүү Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндөжаңы кодексинин тийиштүү берененлерин маалымат иретинде жалпы айдоочуларга жеткирүү иретинде коомчулукка кеңири маалымат берээрибизди белгилейбиз", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД