Корея кыргыз студенттери үчүн квотаны көбөйттү

Корея кыргыз студенттери үчүн квотаны көбөйттү. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүдө тышкы саясий ведомствонун жетекчиси Руслан Казакбаев Кореянын тышкы иштер министри Чон Ый Ён менен Дүйшөмбүдө (Тажикстан) жолугушуп, бир катар маселелер талкууланганы айтылат.

"Жолугушууда корей тарап билим берүү тармагындагы кызматташуунун алкагында Кыргыз жергесинен келген студенттер үчүн квотаны 36 адамга чейин көбөйтүү чечими тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары жолугушууда эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалы боюнча пикир алмашуу болуп, жогорку деңгээлдеги сапарлардын жыйынтыгында жетишилген эки тараптуу макулдашуулардын алкагында маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери талкууланды.

Корей тарап кыргыз тараптын мөңгүлөрдүн эришинин алдын алуу, пандемияга каршы күрөшүүдө медицина кызматкерлеринин ортосунда билим алмашуусу боюнча өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча сунуштарын колдоду", - деп айтылат билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД