"Нотариат жөнүндөгү" мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды

Бүгүн, 1-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кенештин басма соз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, 2018-жылы "Нотариат жөнүндө" мыйзамга нотариат иши тууралуу маалыматтарды жыйноо, алуу, издөө, өткөрүп берүү, иштетүү, сактоо, колдонуу, берүү жүрүмдөрүн автоматташтырууга арналган жаңы берене киргизилген, бирок ал азыркы замандын талабына толук жооп бербейт. Ошондон улам, санариптик технологиянын мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, мыйзамга нотариустун ишине электрондук документтер, аларды жүгүртүү, электрондук колтамга усулдарын киргизүү демилгеси сунушталууда.

Талкуудан мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД