Макс Мырза кыргыз шоу дүйнөсүнө "Кадырыма жетесиңби", "Сен бар үчүн", "Сары тоок", "16 кыз" деген ырларды аткаруу менен белгилүү болгон жана театр, кино жаатында иштеп келе жатат. Макс Мырза бүгүн, 1-декабрда апасынан айрылганын анын жакын кесиптеши кабарлады. Бизге жеткен маалыматтарга ылайык апасы рак илдети менен ооруп келген.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Сокулук районунун Кара-Сакал айылында 2-декабрь күнү саат 11:00де.
Макс Мырзанын аза кайгысын тең бөлүшүп, үй бүлө, жакындарына көңүл айтабыз.