БШКда шайлоого катышкан партия өкүлдөрү менен биргеликте жыйын өтүүдө

БШКда шайлоого катышкан партия өкүлдөрү менен биргеликте жыйын өтүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жылдызкан Жолдошева БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабековадан "Сиз жоопкерчиликти сезип жатасызбы?" деп сурады. "Ош облусунда жүрүп, шайлоо кандай өткөнүн көрдүм. Сиз жоопкерчиликти сезип жатасызбы? Мамлекеттин, президенттин, БШКнын имиджине кечирилгис доо кетирип жатасыз", - деди Жолдошева.

Нуржан Шайлдабекова: "Ооба, түшүнүп жатам. БШК, округ комиссиясы, мамлекеттик кызматтар аракет кылышкан. Механикалык ката аракеттерибизге күмөн жаратты, жоопкерчиликти сезип жатам", - дейт.

Жолдошева: "Сервердин "ачкычы" кимдин колунда?" - деп сурады.

Шайлдабекова: "Тийиштүү жоопкерчиликтүү кызматкерлерде", - деп жооп берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД