Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду

Ата Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду. Бул тууралуу фейсбук баракчасы аркылуу Жыргалбек Бердибеков билдирди.

"60-70дей бала сабаганга аракет кылып, бусике салганга күч колдонушкан. Бул агониянын белгиси эмеспи, ыя?! Эсиңер барда этегиңерди жыйсаңарчы!!

Урматтуу Садыр Жапаров , биздин өлкө каракчы, бандиттердин өлкөсүбү, же кандай?! Эмне деген жапайычылык?! Тыйбайсызбы фанаттарыңызды!", - дейт Бердибеков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД