Текебаев: "Телефонумду кайтарып бергиле, анын силерге кереги тийбейт"

Бүгүн, 1-декабрда "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду. Бир аз өтпөй Текебаев телефонун кайтарып берүү боюнча кайрылуу жасады.

"Алар менин телефонумду уурдап алганы өтө төмөн. Кайтарып бергиле. Ал жакта апамдын, үй-бүлөмдүн сүрөттөрү бар. Эркек болуп менин телефонумду кайтарып бергиле. Эски телефон 10 миң сомдук телефон. Анын силерге кереги тийбейт. Атайын кызматтын колуна эле берип койбосоңор. Бул коомчулукту коркутуу. Милицияга көрсөтмө берем", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД