Кытайда үч балалуу болгонго уруксат берилди

Кытай бийлиги түгөйлөргө үч балалуу болгонго уруксат берди. Мындай чечим эл каттоонун жыйынтыгы калк тез карып баратканын көрсөткөндөн кийин кабыл алынды.

"Синхуа" мамлекеттик агенттиги билдиргендей, бул чечим 31-майда өлкө лидери Си Цзинпиндин төрагалагы алдында өткөн Саясий бюронун жыйынында жактырылды. Ал качан күчүнө кирери азырынча белгисиз.

Дээрлик 40 жылга чукул Кытай "бир үй-бүлөгө бир бала" деген саясат жүргүзүп, аны 2016-жылы жокко чыгарган. Буга жумушчу күчтүн карып баратканы жана экономикалык стагнациялар боюнча тынчсыздануулар күч алганы түрткү болгон.

Анткен менен Кытайда балдардын төрөлүшү кыскарып барат. Былтыр 12 миллион гана ымыркай жарык дүйнөгө келген. Бул эң төмөнкү көрсөткүч экенин өткөн айда Улуттук статистика боюнча бюро билдирген.

Бир ай мурда жарыяланган эл каттоонун жыйынтыгы да Кытайдын калкы 1960-жылдардан бери өтө жай ыргакта көбөйүп жатканын көрсөткөн. Учурда Кытайдын калкы 1,41 миллиард киши жана дүйнөдө биринчи орунда турат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД