Камчыбек Ташиев Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуя тууралуу: "Кооптонуу бар"

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 1-декабрда Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаал боюнча үн катты.

УКМК башчысы, учурда чек арада абал туруктуу экенин, бирок бир аз кооптонуу бар экенин айтты.

"Өлкө аймагында кооптуу эч кандай жагдай жок. Бир гана чек ара тилкелеринде 3-4 күндөн бери бир аз кооптонуулар пайда болуп жатат. Бирок аны биз оперативдик иштердин аркасы менен бүтүрүп жатабыз. Мына кечинде дагы, Баткен облусунун Көк-Таш айылында кыргыз жана тажик чек арачылары жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн башчылары менен жолугушту. Себеби ошол жерде кечээ кечинде мылтыктар атылып, кыргыз тарап бир адамды, тажик тарап бир адамды өзүнүн аймагына киргизип кеткен. Ошолорду алмаштыруу жана коопсуздукту сактоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Азырынча баары жакшы, чек ара бекем. Бирок кооптонуу бар", - деди Ташиев.

Кечээ, 1-декабрда Баткен районундагы Дахма участогунда Мамлекеттик чек аранын шарттуу линиясына жакын жерде саат 21:15 чамасында Тажикстан тараптан белгисиз адамдар 7-8 жолу ок чыгарганы маалымдалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД