Баткенде аткезчилик жолу менен ташылып келген тамеки кармалды

Баткенде аткезчилик жолу менен ташылып келген тамеки кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Оперативдүү бажысынын жана "Баткен" бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен районунун Чоң-Талаа айылында Т.у.Н. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусунда Audi C4 үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Унааны кароодо 113 миң даана санда КР акциздик маркасы жок ESSE CHANGE соода маркасындагы фильтрсиз тамекилер – товарлар табылган. Тамекилер чектеш өлкөдөн ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу менен ташылып келген.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин Маалыматтарды эсепке алуу журналына катталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД