Кылмыштардын бирдиктүү реестринин жаңы версиясы ишке киргизилди

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жаңы мыйзамдардын, тагыраагы 2021-жылдын 1-декабрында саат 00:01де мыйзамдуу күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза, Кылмыш-жаза процессуалдык жана Укук бузуулар жөнүндө кодекстеринин талаптарын аткаруу максатында, "Кылмыштардын бирдиктүү реестри" (алгач каттоо модулу менен), "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалымат системаларынын жаңы версиялары иштелип чыкты. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын тармактык электрондук документ жүгүртүү системасынын да жаңыланган версиясы иштеп баштады.

Жогоруда көрсөтүлгөн системалар республиканын бардык аймагында 2021-жылдын 30-ноябрынан 1-декабрына караган түнү ийгиликтүү ишке киргизилди. "Кылмыштардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалымат системасына алгач каттоо 2021-жылдын 1-декабрында саат 00:56да жол кырсыгы фактысы боюнча Чүй областынын ИИББ тарабынан жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын укуктук статистика жана эсепке алуу башкармалыгы жана анын аймактык бөлүмдөрү укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жаңы системалар боюнча методологиялык жардам көрсөтүү жана жаралган суроолорду ыкчам чечүү максатында күнү-түнү нөөмөттө иш алып барууда.

Башкы прокуратура дагы бир ирээт колдонуучуларынын саны 10000 адамга жеткен ири автоматташтырылган маалымат системаларын өндүрүштүк колдонууга киргизди.

Көзөмөл органы мындан ары да укук коргоо органдарын санариптештирүүнүн активдүү фазасын ишке ашыруу, жаңы "Кылмыштардын бирдиктүү реестри", "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалымат системаларынын мүмкүнчүлүктөрүн өстүрүү жана аларды колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү боюнча ишин улантмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД