Салык кызматында Укук бузуулар жөнүндө жаңы кодекс боюнча тренинг өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында бүгүн, 2021-жылдын 1-декабрында күчүнө кирген Бузуулар жөнүндө жаңы кодекс боюнча Борбордук аппараттын кызматкерлери үчүн тренинг уюштурулду. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Малыматка ылайык, тренинг ведомствонун кызматкерлерин күчүнө кирген жаңы Кодекстин МСКнын ыйгарым укуктарына тиешелүү болгон ченемдерди колдонуу бөлүгүндө укук колдонуу практикасына үйрөтүү максатында уюштурулган.

Презентациянын жүрүшүндө тренерлер Кодекстин өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беришти, жаңы ченемдерди жана жоболорду, алардын күчүн жоготкон Бузуулар жана Жоруктар жөнүнүндө кодекстеринен айырмачылыктарын түшүндүрүштү. Ошондой эле, техникалык окуунун катышуучулары суроолоруна жооп алышты.

Мындай тренингдер МСКнын бардык аймактык башкармалыктарында уюштурулат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД