
Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын бири кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз билдирди
Маалыматка ылайык, Текебаевге кол салуу фактысы боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө шаардык криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун 1998-жылы туулган Э.Ы. аттуу тургуну кармалган. Шектүү тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ошондой эле шектүү Ө. Текебаевге таандык уюлдук телефонду өз ыктыяры менен тапшырган.
Азыркы учурда аталган кылмыш иши боюнча башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш аракеттер уланууда.