Дача-СУ боюнча тергөө аяктоо алдында турат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Дача-СУ, "Аврора" пансионатынын аймагынан кыймылсыз мүлктү улутташтыруудан чыгаруу жана июнь окуялары боюнча кылмыш иштерин иликтөө уланууда жана алар учурда жыйынтыкталуу алдында турат. Бул тууралуу

Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө "Аврора" пансионатынын аймагындагы кыймылсыз мүлктү улутташтыруудагы коррупция фактысы боюнча, негизинен "Аврора+" пансионатында коттедждерди жана жер тилкелерин улутташтырылган мүлктөр тизмесинен чыгаруу жана үчүнчү тарапка сатуу боюнча эки фигурант кармалып, тийиштүү көрсөтмөлөрдү берүүдө.

Ал эми Дача-СУ иши боюнча тергөө аяктоо алдында, жакын арада анын жыйынтыктары коомчулукка ачыкталат.

Ошондой эле, Июнь окуялары боюнча тергөө улантылууда жана анын жыйынтыгы да жакында коомчулукка маалым болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД