
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча "Медиа-центр" сайтына пикирин билдирди. Ал кылмышкер табылганын жана жазасын ала турганын айткан.
"Бул окуя кылмыш болуп саналат жана биздин мамлекетте эч кимге кол салууга жол бербешибиз керек. Кылмышкерлер табылды, алар өз жазасын алышат", - деген ал.
Эске салсак, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Текебаевге кол салуу фактысы боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө шаардык криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун 1998-жылы туулган Э.Ы. аттуу тургуну кармалганын билдирген. Шектүү тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ошондой эле кылмышка шектүү Ө. Текебаевге таандык уюлдук телефонду өз ыктыяры менен тапшырган.
Азыркы учурда аталган кылмыш иши боюнча башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш аракеттер уланууда.