БШКда АСУ менен кол санактын маалыматтарын текшерүү үчүн топ түзүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жарандык көзөмөл комитети менен биргеликте парламенттик шайлоого катышкан саясий партиялардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, партиялардын жана ЖМКлардын өкүлдөрүнө добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруунун жүрүшү жана тартиби тууралуу маалымат берилди, 2021-жылдын 28-ноябрында сайтта маалыматтарды көрсөтүүдө келип чыккан механикалык катанын себептери түшүндүрүлдү.

БШК бүгүнкүгө карата участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан добуштарды кол менен саноонун аяктаганын, ал партиялардын өкүлдөрүнүн, талапкерлердин, ошондой эле коомдук байкоочулардын катышуусунда өткөрүлгөндүгүн түшүндүрдү. Азыркы учурда округдук шайлоо комиссиялары участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун маалыматтарын серверге жүктөөнү аяктады, ал маалыматтар сайтта жарыяланат.

Маалымат үчүн:

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 35-беренесинин 18-бөлүгүнүн 4-абзацына ылайык, БШКнын борбордук серверине келип түшкөн сканерленген документтер протоколду толтуруунун тууралыгы текшерилгенден кийин БШКнын сайтына жарыяланат.

БШК жана Жарандык көзөмөл комитети автоматтык эсептөөчү урналардын (АЭУ) маалыматтарынын жана добуштарды кол менен саноонун аныктыгын көз карандысыз түрдө салыштырып текшерүү үчүн партиялардын өкүлдөрүнөн, талапкерлерден, коомдук байкоочулардан турган топ түзүүнү сунуштады. Учурда шайлоого катышкан саясий партиялардын өкүлдөрүн, көз карандысыз IT адистерин жана коомдук байкоочуларды топко киргизүү жөнүндө сунуштар түшүүдө.

Бул топ бюллетендерди кайра саноо үчүн участкалык шайлоо комиссияларынын материалдарын тандап алат; байкоочулар жана ар түрдүү партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ар бир шайлоо участогунан АЭУдан алган баштапкы маалыматтарды салыштырат.

Топтун милдети – ар бир шайлоо участогу боюнча БШКнын сайтында көрсөтүлгөн маалыматтарды АЭУдан алынган отчёттор менен салыштыруу жана маалыматтардын аныктыгынын/ажырым бар экендигинин ырасталышын изилдөө; ошондой эле АЭУну метрологиялык жактан текшерүүнү жүргүзүү.

Техникалык катанын себептерин аныктоо боюнча көз карандысыз жумушчу топко өз өкүлдөрүн киргизүү жөнүндө арыздар шайлоого катышкан саясий партиялардан ж.б. кызыкдар тараптардан 2021-жылдын 3-декабрына чейин кабыл алынат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД