УОКтун башкы катчысы да кызматынан кетти

КРнын Улуттук олимпиадалык комитетинин (УОК) башкы катчысы Саламат Эргешов өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын жазды.

УОКтун билдирүүсүнө караганда, анын арызын УОК президентинин милдетин аткаруучу Канат Аманкулов кабыл алган.

Эске сала кетсек, буга чейин УОКтун президенти Шаршенбек Абдыкеримов отставкага кеткен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД