Казакстанда саясий репрессиянын курмандыктары эскерилди

Нур-Султанда активисттер тобу чогулуп, өткөн кылымдын 30-жылдарында саясий репрессияларга кабылгандардын арбагына багыштап куран окушту. 31-май, 2021-жыл.

31-майда баш калаа Нур-Султанда активисттер тобу чогулуп, өткөн кылымдын 30-жылдарында саясий репрессияга кабылгандардын арбагына багыштап куран окушту.

Ушундай эле акция Алматыда дагы өтүп, анда курмандыктардын урпактары чогулду.

Казакстанда 31-май - 1931-1933-жылдардагы саясий куугунтуктун жана ачарчылыктын курмандыктарын эскерүү күнү катары белгиленет.

Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев бул күнү жарыяланган кайрылуусунда, 20-кылымдагы репрессияларды тарыхтын "эң кара барактары" деп атады. Активисттер президент өз кайрылуусунда азыркы репрессиялар тууралуу үн катпай койгонун сынга алышууда.

Укук коргоочулар азыркы күнгө чейин саясий көз караштары үчүн, бийликти сындаганы үчүн камалгандар бар экенин айтып келишет. Ал эми бийлик өлкөдө саясий туткундар жок экенин билдирип жүрөт.

30-жылдардын башындагы саясий репрессиялар менен ачарчылыктан Казакстанда бери дегенде 1,5 миллиондой адамдын өмүрү кыйылган. Алардын 25 миңдейи атылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД